"Мугалимди ким коргойт?". Активист министрликтин алдына нааразычылык билдирип чыкты

Билим берүү жана илим министрлигинин алдында активист Өндүрүш Токтоназаров мугалимге жасалган мамилеге нааразычылыгын билдирип чыкты. Анда активист "Мугалимди ким коргойт?" деген жазуусу бар плакатты көтөрүп алган.

Социалдык тармактын колдонуучулары мугалимге жасалган мамилеге нааразы болуп, пикирлерин билдирип жатышат.

"Мектепте мугалимдердин айлык акысын эң жогорку маянага теңеп, коомдогу ордун бийик деңгээлге көтөрбөсөк, 10 жылда мугалим таппай калабыз".

"Мугалимдердин укугу мыйзамдуу корголушу керек?" деген өңдүү пикирлер жазылууда.

Маалымат үчүн:

Буга чейин Чүйдөгү мектептердин биринде мугалим менен окуучунун ортосунда чыр чыкккан видео тараган. Андан соң Лебединовкадагы мектептин тарых мугалими иштен кеткени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
elmira.
2022-01-27 11:58:43
Мен бир жыл иштедим беш мин айлык.
Жолкире менен туштонууго эле кетип калат эле.Ал айлыктан кармап калат дагы,бир нерселерге деп эле акча чогултмай,канча нервин,убакытын кетет айлык ото аз ,иштебей койдум азыр.Окуу курал жарактарын аласын ошонтип озумо эч нерсе калбайт эле чын-чынында
+4
Fernando_Torres
2022-01-27 13:35:32
elmira.,Аксыдабы
-2
med1983
2022-01-27 13:13:40
Чыныгы активист экенсиз, бийлик жана опозиция учун чыкпай, карапайым мугалим учун чыккан. АЗАМАТСЫЗ!!!
+3
Fernando_Torres
2022-01-27 13:34:59
med1983,чыныгы шайтан жүзүндө нуру жок
-5
alimbek94
2022-01-27 14:13:10
Мугалимдерди киши катары корбойт.
+3
modem4999
2022-01-27 14:28:41
Мугалимдер шайлоодо эле керек бийлике
0
nargiz-sa
2022-01-27 18:07:50
Мугалимдин баркы түшкөн коомдо өсүү деген бул жомок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан