Ошто 1-класстын окуучусу ата-энесинин көз алдында каза болду

Ошто 1-класстын окуучусу ата-энесинин көз алдында каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Юсупова билдирди.

"Бул окуя 26-январда №48 мектепте болду. 1-класстын окуучусу сабак бүткөндө мектептен чыгарда күрмөсүн кийип жатып, калем саптын капкагын оозуна салып турган экен. Аны жутуп алып какаган учурда баланын мугалими жанында болгон. Апасы да баласын мектептен алып кетүү үчүн келип калган. Окуя болгон учурда апасы да, мугалими да, директор да ошол жерде экен. Атасы кийин келген. Тилекке каршы, балага эч кандай жардам бере алышкан эмес. "Тез жардам" менен кетип жатканда жарым жолдо бала каза болгон. Ата-энеси мугалимдерге эч кандай доо-арызы жок экендигин билдирди. Баланын сөөгү 26-январда жерге берилди", - деди Салтанат Юсупова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Antiradikal112
2022-01-27 13:12:37
Байкуш Ата-Энеге сабыр.
+6
aliya-leyla
2022-01-27 13:37:15
ииий, Кудайым ай, коргулук да
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2022-01-27 14:22:31
Кудай ай не деген жоготуу, ата -энесине сабыр((жакшы сабак учурунда эмес экен, болбосо мугалим байкушта күн жок болмок экен
+5
muku.85
2022-01-27 14:45:42
Баланын олумун корууну эч кимдин башына салбасын.Салганга сабыр берсин.
+4
Jibani
2022-01-27 16:57:33
Ии кудаай озу сактасын баланы торогон одно баланы остуруш кандай кыйын жалко Ата энесине иии байкуштар ии
+2
nazira...
2022-01-27 19:18:45
Кинодогудай кылып бутун көтөрүп силккенде, же аркасынан кучактап өзүнө кату тартканда оозунан чыгып кетет беле. Ата-энесине сабыр, ажалы 6-7 жашта экен эле да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан