ЭЛДИК КАБАРга жооп: Окурмандын "вакцина албасаңыз жөлөк пул берилбейт" дегени боюнча тийиштүү мекеменин жообу

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айылынын тургуну кайрылып, коронавируска каршы вакцина албаганы үчүн жөлөк пулга документ тапшыра албаганын айткан.

Жогорудагы маселе боюнча Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Майсалбек Өмүрзаковго байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.

"Бизге райондук администрациядан калкты эмдөөдөн өткөрүү боюнча милдеттендирип жатат. Бирок "сен вакцина алышың керек" деп мажбурлаган жерибиз жок. Маалымкат алганга же документ тапшырганга келген тургундарга вакцина алууга үгүттөп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Эмдөө кампаниясын 1-июнда баштаганбыз. Бүгүнкү күндө айылда жашаган калктын 70 пайызын эмдөөдөн өткөрүү боюнча талап коюлууда. Учурда бир эле жөлөк пулга документ тапшырууда гана эмес, башка маалымкатты берүүдө дагы вакцина алган паспортту сурап жатабыз. Бирок ден соолугун байланыштуу вакцина албаган жарандарды түшүнүп жатабыз. "Элдик кабарга" кайрылган окурман менен дагы баарлаштык. Эл бизди туура түшүнсө", - деди айыл өкмөт башчысы.

Сузак районундагы Кызыл-Туу айылында жалпы 30 386 адам жашайт. Учурда вакцина алгандардын саны 4 жарым миңден ашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rusbayastan
2022-01-27 15:28:52
Ваксина албаса оз оюна койгула мажбурлабай
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан