Үч жаштагы кызын калтырганга эч ким жок болгондуктан жанына кошо алып жүрүп такси айдап иштеген Нурилло Мухаммеджановго коркутуулар болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мухаммеджанов өзү билдирди.
Анын айтымында, ага белгисиз адамдар чыгып, кайсы бир атка минерге жолтоо болуп жатканын айтып, түрдүү коркутууларды жасашууда.
“Мага белгисиз адамдар чыгып, кайсы бир атка минердин жолун кескенимди айтып коркутушууда. Кимге, кайсы атка минерге жолтоо болгонумду айтышпайт. Башында мени мындай эле коркутуп жатышкан, мен моюн бербей койсом кызыңды уурдап кетебиз деп коркута башташты. Кызымды бир жеке бала бакчалардын бири бекер алып, ошол жакка барып жаткан. Коркутуулардан кийин азыр жалгыз калтыргандан коркуп, таксиде иштегенде жаныма алып жүрүп жатам”, - дейт Мухаммеджанов.
Ал ошондой эле ага кол салуу болгонун да билдирди.
“Кечээ басылмалардын биринде коркутуу болуп жатат деп кайрылуу жасагам. Ал жактан чыгып, эл ташып жүргөм. Аялдамалардын бирине токтоп, унааны өчүрбөй, эшигин бекитип коюп ичинде отургам, бир белгисиз киши келгенинен терезени түшүрсөм бетиме муштап жиберди”, - дейт Мухаммеджанов.
Ага укук коргоо кызматкерлери коркутуп жаткан адамдардын үстүнөн арыз жазуу керектигин айтышкан.
Бирок балдарынын жана өзүнүн коопсуздугунан корккон Мухаммеджанов арыз жазуудан чочулап турганын айтат.
“Учурда эмне кыларымды деле билбей калдым. Эки баламды алып өлкөдөн чыгып кетпесем, өлтүрүп кетишет окшойт”, - дейт Мухаммеджанов.