Бишкектеги жаңы конуштардын тургундарына 1 миң 81 техникалык паспорт берилди

Бишкектеги жаңы конуштардын тургундарына турак жайы үчүн 1 миң 81 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, Жер-Ынтымагы, Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамик, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарынан кайрылуу түшкөн.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Көчмө бригадалары өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң техникалык паспорт даярдашат. Жарандар ошондой эле түз эле Мамкаттоого кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2022-01-27 15:41:37
Кайсы күндөн баштап берилди бир кундөбү толугураак жазгылачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан