"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында инсулин берилбегени боюнча тийиштүү мекеме жооп берди

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну кайрылган. Анда ал Кызыл-Суу айылында кант диабети менен ооругандарга инсулин берилбей жатат деп суроо салган.

Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Бейшекан Арунова төмөнкүлөрдү билдирди.

"Инсулин берилбей жаткан жери жок. Инсулин, Протафан боюнча тендер кеч өткөрүлгөн экен. Январдын аягында деп убада беришкен. Ошол Протафан эле жок болуп калды. Анын ордуна Актрапид (Протафанды суткасына 2 жолу алса, Актрапид 4 жолу алып коёт) берилип жатат. Жети-Өгүздө деле берилүүдө. Бирок бейтаптар Протафанды талап кылып жатышат. Ордуна Актрапид берилип жатат. жетиштүү", - деди Арунова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан