Ош-Бишкек жолунда ири өлчөмдө баңгизат алып бараткан адам кармалды

Ош-Бишкек жолунда ири өлчөмдө баңгизат алып бараткан адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январь күнү саат 00:30дар чамасында атайын операциянын алкагында Токтогул шаары аркылуу өткөн Ош-Бишкек жолунда 1997-жылы туулган Р.А. аттуу адам кармалган. Тинтүү учурунда жанындагы баштыктан ооган банги затына окшош кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай өзгөчө кескин жыты бар зат табылган.

Ошондой эле кара барсетка табылып, анын ичинде гашиш жыттанган кочкул-жашыл түстөгү скотч менен оролгон 30 таңгактагы зат болгон. Алынган заттын жалпы салмагы 2 килограмм 788 граммды түзгөн.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан