"Сүф-сүф, үй алам...". Ошто пара алууга шектелген деканга сот өкүмү чыкты

Ош шаардык соту студенттерден пара алууга шектелген Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын деканы Г.Э. аттуу аялдын иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.

Маалыматка ылайык, сот айыпталуучуну Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде 400 миң сом айып төлөөгө милдеттендирген.

Бирок айыпталуучу шаардык соттун чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылган.

Эске салсак, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кийин сот анын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Интернетке мугалимдин акча алып жатканы жашыруун тартылган видео жарыяланган. Тасмадан шектүүнүн "үй алам" деп сүйлөгөнүн, аягында сүф-сүф деп акчаны ырымдап столго чаап жатканын көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tursunbaev1978
2022-01-27 18:03:05
Реальный срок бериш керек,15 жыл,20 жыл,400 миң штрафка нааразы дагы
+6
Sambet08
2022-01-27 18:16:14
Бети бетон экенго 400 мин айып пулга да нааразы болсо, акчада алып анан 10-15 жылга киргизип салыш керек суткорлорду
+2
Belo
2022-01-27 18:16:22
Мугалимдик укугунан ажыратыш керек
+4
XATSAN125
2022-01-27 18:26:31
Айландырып согот элем баянга салып коюшат да
+1
Zarema11
2022-01-27 19:17:47
Берип жаткан адамга да салгыла ошол штрафты. Неге берет? Ошентип жаман үйрөтүшөт. Чөнтөгүнө салып. Акча бербеген байкуштардын такыр жумушу бүтпөй......
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан