Буга чейин студенттерден пара алууга шектелип кармалган Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын Э.Г. аттуу кызматкери үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.Эске салсак, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош филиалынын айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Интернетке мугалимдин акча алып жатканы жашыруун тартылган видео жарыяланган.