Кыргыз-Тажик чек арасындагы атышуу. Эки тараптын чек ара кызматкерлери сүйлөшүү жүргүздү

Саат 21:45ке карата тажик тараптын демилгеси менен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин кол башчысы Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдайт.

"Тажик тарап ок атышууну токтотуу суранычы менен кайрылган. Бирок буга карабай саат 22:30га карата тажик аскер кызматкерлери маал-маалы менен ИИМдин Ички аскерлеринин жайгашкан жерин көздөй ок чыгарышууда. Ал эми Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө жерлигинде ок атышуу уланып жатат. Баткен облусунун жана Тажикстандын Согдий облусунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жолугушуусу күтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alixan-Nookat.2015
2022-01-27 23:28:39
Байрактарды колдонгула
+5
algakaray
2022-01-27 23:31:02
Телевизордон жанылыктарды карасан такыр эле башкаларды корсотот. Атышып атат тиякта. Саат сайын берип тургандын ордуна Как будто эчтеке болбогондой
+1
muku.85
2022-01-27 23:38:35
Депутаттар кезексиз жыйынга чогулуш керек уйундо уктабай. Комиссия тузуп кеминде 5-6 депутат барсын ошол жерге.Суйлошуулорду жургузуп чечиш керек эртерээк.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан