Чек арадагы атышуу: Оштон Баткенге дарыгерлерден турган эки бригада жөнөтүлдү

Баткендеги кырдаалдан улам Ош шаарынан Баткенге дарыгерлерден турган эки бригада жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

"Баткен облусунун бардык саламаттыкты сактоо уюмдары күчөтүлгөн режимге өттү. 10 "Тез жардам" бригадасы, кан жана компоненттер даярдалган.

Баткен облустук бириккен ооруканасына Кадамжай шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунан хирург, реанимация адиси жана травматологдон турган дарыгерлер тобу жана Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунан дагы бир бригада келди. Ошондой эле Ош облусунан да дарыгерлерден турган эки бригада келе жатат", - деп жазылат билдирүүдө.

Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан