Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандардын саны 7ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашат.
Маалым болгондой, жабыркагандардын абалы орто оор.
"Баткен облустук биргелешкен ооруканасына түнкү саат 02:00 чамасында "Тез жардам" кызматы менен дагы 3 адам жеткирилди. Алардын бири октон жаракат алган. Жабыркагандардын абалы орто оор абалда. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат. Жалпы 7 адам ооруканага кайрылды", - дешет маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.
28-январга караган түнү саат 00:20га карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатканы белгилүү болду.