Баткендеги ок атышуу: Кооптуу аймактардан 1 жарым миңдей адам эвакуацияланды

Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан улам жергиликтүү тургундар коопсуз жайларга чыгарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, эвакуациялангандардын саны 1470ти түздү.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, бардык иштер өзгөчө кырдаал режиминде жүргүзүлүүдө. Чатырлар, ысык тамак жана ичүүчү суу, медициналык жардам жана эвакуациялоо үчүн транспорттун саны жетиштүү.
Баткен шаарында эвакуацияланган калк үчүн 600 кишиге ылайыкташкан алты убактылуу жай ачылды. Жалпы 1470 жергиликтүү тургун эвакуацияланып, анын 1200ү тааныштары жана туугандарынын үйүнө жайгаштырылды. Калктын бир бөлүгү Маргун, Рават айылдарына жана Баткен шаарына көчүрүлдү.
Убактылуу жайгаштыруу борборлоруна 270 адам жайгаштырылып, анын 104ү аялдар, 19у эркектер жана 147си балдар. Эвакуациялангандардын бардыгы керектүү нерселер менен камсыздалды.
Медицина кызматкерлери убактылуу жайгаштыруу пункттарында тынымсыз көзөмөл жүргүзүүдө. Баткен облустук ооруканасы да 24 саат бою иштеп, керектүү адистер жана дары-дармектер менен камсыздалган.
Калкты эвакуациялоо үчүн 23 техника КамАЗ, куткаруучу унаалар жана спринтер тартылган", - дешет мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан