Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган 11 кыргыз аскеринин абалдары орточо оор экени кабарланды

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 11 кыргыз аскери жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабыркаган аскерлердин абалдары жалпы жонунан орто оор деп бааланууда. Алар облустук ооруканага жайгаштырылган. Жергиликтүү тургундардан жабыркагандар жок.

Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу.

Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ak_Bulut
2022-01-28 09:20:27
Подпись күчүн жоготпош үчүн лөлүлөр жанталашып атышат, ошол жерди берип эле салсак эмне болот.
Кол койгонду кошо лөлүлөргө берип туруп (нерв болтам кечиргиле)
+4
Usmanbekali
2022-01-28 10:01:21
Ak_Bulut,Ал жэрди берип салсак,Лейлек анклавта калып калат...
+3
Munir81
2022-01-28 10:20:35
Ak_Bulut,Кол койгондун озун эле берели жерди эмес
+3
Medina87
2022-01-28 09:24:39
Мадумаров как раз УКМКда журот, Заодно жооп берсин; Кол койгон ПРОТОКОЛУНА!!!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан