
Баткен облусундагы абалга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министри
Бообек Ажикеев жеринде ӨКМнын иш-чараларын координациялоодо. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, эвакуацияланган жарандарга ысык тамак-аш берүү жана биринчи керектелүүчү каражаттар уюштурулду.
"Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтары “Өзгөчө кырдаал” режимине өткөрүлүп, жергилүктүү тургундар коопсуз жайга эвакуацияланган. Эвакуацияланган жарандарга ысык тамак-аш берүү жана биринчи керектелүүчү каражаттар уюштурулду", - деп жазылат ӨКМнын маалыматында.