28-январда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара тилкесинде тараптардын жумушчу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөнкүлөрдү чечишти:
1. Тиешелүү укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын катышуусу менен чыр-чатактын келип чыгуу себептерин тыкыр иликтөөнү уюштуруу боюнча биргелешкен комиссияга тапшырма берүү;
2. Жаңжалдын башталышы менен үйлөрүн таштап кеткен бардык жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылуу;
3. Аскердик түзүлүштөрдүн бардык бөлүктөрүн тиешелүү чек ара бөлүгүнөн чыгаруу;
4. Бардык жолдорду тосууну, бузулган инфраструктураны жана электр чубалгыларын (электр линияларын) калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;
5. Тараптардын бийлик органдары келечекте чек ара, суу-жер жана башка чыр-чатактарды болтурбоо максатында чек ара зонасында тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылуу.