Чек ара кызматы: "Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал көзөмөлдөнүп турат"

29-январь саат 10:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Кечээ, 28-январда болгон эки тараптын делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен бүгүн Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын биргелешкен комиссиясынын жумуш алып барышы пландаштырылган.

Кыргыз тарап чек арага алып келген кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жайына алып кетишти.

Чек ара тарамдары штаттык режимде кызмат өтөп жатышат.

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2022-01-29 12:48:05
Жазда кун ысыса дагы чыгат сасыктар
+4
SHaidulda
2022-01-30 04:00:12
Тажиктер соз берген менен жарым саатта эле унутуп койот этият даяр болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан