Көмүрдүн чекене баалары 2022-жылдын январында республика боюнча орточо эсеп менен алганда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу бир пайызга төмөндөдү жана бир тонна үчүн 5 миң 178 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 миң сом), Балыкчы (бир тонна үчүн – 3 миң 950 сом) жана Нарын шаарларында (бир тонна үчүн – 4 миң 400 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда көмүргө карата эң жогорку баалар Кара-Суу (бир тонна үчүн – 7 миң сом), Баткен жана Ноокат (бир тонна үчүн – 7 миң 230 сом) шаарларында катталды.
Байкоого алынган көпчүлүк калк жашоочу пункттарда көмүргө карата чекене баалардын төмөндөгөнү, алардын ичинен көбүрөөк Ноокат (бир тонна үчүн – 530,8 сом), Кербен (бир тонна үчүн – 510,5 сом) жана Токтогул (бир тонна үчүн – 488,8 сом) шаарларында белгиленди.