"Манчестер Юнайтед" клубунун оюнчусу өзүнүн сүйлөшкөн кызын сабады. Моделден ур-токмоктун белгилери байкалган

"Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун жана Англия курамасынын чабуулчусу Мейсон Гринвуд өзүнүн сүйлөшкөн кызы, модель Гарриет Робсонго зордук-зомбулук көрсөткөн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, футболчунун сүйлөшкөн кызы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бети көгөргөн, колу, буту көк ала болуп түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган.

"Гринвуддун мага чындап эмне кылып жатканын билгиси келгендер үчүн", - деп жазган Робсон.

Белгилей кетсек, Мейсон Гринвуд "Манчестер Юнайтед" клубунун негизги командасында 2018-жылдан бери ойноп келет. 20 жаштагы футболчу бул сезондо Англия Премьер-Лигасында 18 оюнга чыгып, 5 гол киргизип, 1 жолу голдук пас чыгарып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан