Депутаттар Баткендеги чек ара менен чектешкен айылдарга иш сапары менен барып келди

Депутаттар Баткендеги чек ара менен чектешкен айылдарга иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Элдик” депутаттык тобунун мүчөлөрү, депутат Акылбек Түмөнбаев, Нурлан Ражабалиев, Жалалидин Нурбаев, Нурланбек Азыгалиев жана Чынгыз Ажибаев 28-30-январда Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш, Орто-Боз, Актатыр жана Ак-Сай айылынын тургундары менен жолукту.

Бул айылдар коңшу Тажикстан менен болгон чек ара жаңжалында жабыркаган негизги айылдар. Жергиликтүү тургундар чек арага жакын жайгашкан айылдардын негизги көйгөйлөрүн тизмектеп, тез арада чечүүнү талап кылышты. Айтылган маселелердин катарында:

  • Ак-Сай-Тамдык, Ак-Сай-Рават жолунун курулушун жандандыруу жана Тажикстанга чектеш аймактарды айланып өтүүчү жолдордун абалын жакшыртуу;
  • Чек арага чектеш айылдарда ичүүчү таза суу жана сугат суу маселесин чечүү;
  • Актатыр айылына оорукана куруу. Анткени чек ара жаңжалы учурунда жаракат алгандарды облустун борборундагы ооруканага жеткирүүдө кыйынчылык жаралган. Ал эми үч айыл өкмөттө 29 500 тургун жашайт;
  • Чек арага жакын жайгашкан айылдарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмүн ачуу жана өрт өчүрүүчү унаалар менен камсыздоо;
  • Өзгөчө кырдаалдарда жергиликтүү калкты коопсуз жайга көчүрүүгө транспорт жана күйүүчү каражаттар менен камсыздоо маселесин алдын ала чечүү;
  • Чек арага жакын жайгашкан айылдарда турак жайларын сатып, көчүп кетүүгө аракет кылган жарандар бар. Ал тенденцияны токтотуу багытында мамлекеттик деңгээлде жумуш алып баруу;
  • Чек арага чектеш жайгашкан айылдардагы жарандардын турак жайларын документтештирүү маселесин тездетүү;
  • 2021-жылы чек ара жаңжалында жапа чеккен үй-бүлөлөргө компенсация төлөө маселесин чечүүнү ыкчамдатуу;
  • Чек арага жакын жайгашкан айылдарда курулуп жаткан мектептердин курулушун тездетүү жана зарыл болгон айылдарга мектеп, спорт зал, кичи футбол аянттарын куруу.

Жолугушууда “Элдик” депутаттык тобунун мүчөлөрү айтылган маселелер боюнча чек арага чектеш жайгашкан айылдардын тургундары менен тыгыз байланышта болуп, көйгөйлөрдү чечүүгө болгон күч-аракеттерин жумшай тургандыктарын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан