Бишкектеги "Red Centre" соода борбору курчоого алынды

Буга чейин Бишкектеги "Red Centre" соода борборунда бомба бар делинип, ичиндеги адамдар эвакуацияланып жатканы кабарланган.

Учурда милиция кызматкерлери менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери жеринде иш алып барышууда. Бул туурасында Бишкектин Свердлов РИИБинин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, бүгүн, 31-январда саат 18:53 чамасында аталган соода борборго бомба коюлган деген билдирүү түшкөн.

"Жерине ыкчам топ, кайгуул кызматкерлери барышып соода борборду курчоого алышты. Ичиндегилер коопсуз жайга чыгарылды. Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат, кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан