
Бишкекте алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран колго түшүрүлдү. Кармалган жаран 2 жыл мурда таанышына таандык жер тилкесин сатып жиберген дешет Ленин РИИБинин маалымат кызматынан.
Белгилүү болгондой, 2020-жылы 29-октябрда С.Э. аттуу жаран милиция кызматкерлерине кайрылып, чала таанышына карата чара көрүүнү өтүнгөн.
"Шектүү арыз ээсинин ишенимине кирип жер тилкесине ишеним кагазын жаздырып алып, андан кийин жер тилкени башка адамга 24 миң доллар жана Лексус GX 470 унаасына сатып жиберген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (эски редакция) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
2021-жылы август айында шектүүгө издөө жарыяланып, Ленин райондук соту тарабынан сыртынан камоо түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган", - дешет маалымат кызматынан.
Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1986-жылы туулган А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жогу териштирилүүдө.
Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркап же зыян тарткандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (990) 102-362, 0 (700) 972-222, 0 (700) 683-774 же 102.