Бишкектеги "Өспүрүм-Түн" иш-чарасында 17 бала кармалып, ата-энесине тапшырылды

Бишкекте рейддик иш-чаранын жүрүшүндө түнкүсүн көчөдө жүргөн 17 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, 31-январда ИИМ тарабынан "Өспүрүм-Түн" иш-чарасы жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө Бишкекте мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 17 бала аныкталды. Алардын ата-энелери чакыртылып, андан ары тарбиялоо жана көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдар ата-энелерине өткөрүп берилди.

Мыйзамдын негизинде саат 22:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин балдарга көчөдө, соода жана коомдук тамактануу жайларында, сейил бактарда, аянттарда, автобекеттерде, түнкү интернет клубдарда ата-энелери же аларды алмаштырган адамдардын коштоосу жок жүрүүгө тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан