Кыргыз-Тажик чек ара чырында баткен эли 3 миллион сомго чукул зыян тартты

Баткендин чек ара аймагындагы куралдуу кагылышууда келтирилген материалдык чыгым 2 миллион 912 миң сомду түздү. Бул тууралуу Баткен райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чыгымдарды райондук Жарандык коргонуу комиссиясы эсептеп чыкты.

Анда эки бастырма жана бир унаа күйүп, 10 үй жабыркаган. Малдын чыгашага учураган фактылары катталууда.

Белгилей кетсек, 27-январда Баткен-Исфана жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкеси Тажикстандын чек арачылары тарабынан тосулуп, ок атуучу куралдардан ок чыгарышкан.

Учурда Баткен районунун чек ара тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2022-02-02 12:14:41
Дайыма эле биз тарап чыгым тарта берет. Ит тажиктерге теңеле албайбыз. Дагы Манастын урпагыбыз деп сыймыктанып коёбуз
+5
Spb
2022-02-02 12:35:38
Asmat84,илгери Манас атан ушинтип чыгым тартып турса керек еледа тажик тараптан
0
sultan89
2022-02-02 13:21:47
Spb,не деп даптырап койдун
+3
Ernisbii
2022-02-02 14:05:04
Spb,бирдеме жазардан мурда ойлонуп жазгылачы тантыбай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан