Кыргыз өлкөсүндө 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды

2022-жыл Кыргыз өлкөсүндө тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан кабарлашты.
"Климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө максатында жарлыкка кол коюлду.
Президенттин жарлыгына ылайык, министрлер кабинетине 2022-жылдын 1-мартына чейин Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.
Жол картаны иштеп чыгуунун алкагында айыл чарба, энергетика, өнөр жай тармактарында экологиялык жана климаттык иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле токой чарбасын, экотуризмди өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү каралат", - деп айтылат билдирүүдө.
Кыргыз өлкөсүнүн демилгеси боюнча 2021-жылдын 16-декабрында Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы" деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошкон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан