"Мас абалда ар нерсени айтыптыр". Сабырбек Жумабеков министрдин айткандары боюнча пикирин билдирди

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин "оорукананы элге кайра кайтаруу" деген пикири боюнча комментарий берди. Анын билдирүүсү социалдык тармактарга жарыяланды.
"Оорукананы кайра түзүп, мени жумуштан "алдым" деген өңүттөгү маалыматтар тарап жатат. Министр кечээ ооруканага эртең менен мен жокто келиптир. Мас абалында болуп ар нерсени айтыптыр. Бүгүн мага канча, 35 киши жазылгансыңар. Мен азыр министрге барып жолугушум керек. Силер менин иштегенимди каалайсыңарбы?", - дегенин угууга болот.
Видеодон бейтаптардын академикти колдогонун, министрдин кылып жатканы уят экенин белгилешет.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Кийинчерээк министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган борборду кайра түзүүнү “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сүрөттөгөн. Себеби Сабырбек Жумабеков жогорку кызматтагы тааныштары аркылуу ал жердеги оорукананы жоюп, жок жерден эле аталган борборду түзүп, өзү кетпес жетекчи болуп алган деген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
rysik79
2022-02-03 05:35:15
Дүйнөдөгү эң кыйын травматологтордун бири.
+10
Asmat84
2022-02-03 10:26:32
Президенттин ишенген кадыры жүн тиштеген тамыр жеген чал
+6
Asmat84
2022-02-03 10:29:57
Негизи эле кадр тандоодо президент өтө туура эмес адамдарды тандап алган. Бул кетиште Акылбек Жапаров менен алымкадыр Бейшеналиев президентти көпкө узатпайт
+11
ShaKe11
2022-02-03 17:22:49
Алымкандын озун алып салыш керек окшойт анда
+1
rafo80
2022-02-03 23:28:42
Сабырбек байке сиз Кыргыз эли үчүн керексиз. Министирликке көз каранды болбой эле өзүңүзчө менчик клиника ачып алсаңыз деле эл барат сизге .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан