Улан Ниязбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрүнө министрликтин имаратында экскурсия уюштурду

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрүнө министрликтин имаратында экскурсия уюштурду. Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, уюмдун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, саясий жана аскердик бөлүмүнүн башчысы, полиция боюнча кеңешчиси, консультанты, программалык ассистенти ИИМдин борбордук аппаратына иш сапары менен келишти.

Конокторго ички иштер министри жана министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов экскурсия өткөрүштү.

"Делегация нөөмөт жай, жолугушууларды жана онлайн конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташуу залы, эл көп чогулган жерлерде абалды интеллектуалдык камералар аркылуу көзөмөлдөгөн ыкчам башкаруу жана координациялоо борбору, басма сөз кызматтын студия борборун модернизациялоонун натыйжасы, жабдылышы жана режиссёрдук жайлары менен таанышты.

Милициянын көчмө пункттарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген мониторинг бөлмөсүн жана милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн боди-камераларынан аудио-видео маалыматтарды көрсөтүштү. Ошондой эле эки метр бийиктиктен кулаганда же сууга түшүп кеткен учурда да ишин уланта алган камералардын жогорку деңгээлдеги иштеши белгиленди", - дешет маалымат кызматынан.

Ички иштер министри ЕККУнун өкүлдөрүнө жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирди. Улан Ниязбеков биргелешкен демилгелердин, өз ара аракет менен жетишилген олуттуу натыйжалардын маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар мындан аркы иштин келечегин жана кызматташуу маселелери тууралуу талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан