Чет өлкөдөн турак жай алган шоу-бизнес өкүлдөрү

Учурда чет өлкөгө саякаттоо гана эмес, башка мамлекеттерден турак жай алуу дагы жеткиликтүү болуп калды. Кыргыз шоу-бизнесинин айрым өкүлдөрү арасында Түркия мамлекетинен батир алгандардын катары толукталып келет. Айрымдары жеке иштерине байланыштуу батир алса, айрымдары узак мөөнөткө эс алуулары үчүн кыймылсыз мүлк сатып алышууда. Бул жолу Түркиядан турак жай алган белгилүүлөрдү тизмектейбиз.

Былтыр июнь айында ырчы, ишкер, актриса Анжелика Түркиянын Аланья шаарынан турак жай сатып алган. Ал 5 жылдыздуу апартаменттен эки бөлмөлүү үйдү 3 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөө менен алганын айткан. Ал эми 2022-жылдын башында ырчы Кипрден дагы бөлүп төлөө менен турак жайлуу болду.

Андан кийин эле ырчы Нурлан Насип ата-энеси менен жай мезгилин деңиз жээгинде өткөрүп, эс алуусу үчүн Түркиядан үй караганын билдирген. Ал кыймылсыз мүлк компаниясынан батирди накталай алган. Кийинчерээк ырчы батирди кайра компанияга өткөрүп берген. Буга бир аз түшүнбөстүк себеп болгон дейт. Нурлан мырза быйыл Түркиядан үй аларын кошумчалады.

Ал эми 2022-жылдын башында ырчы Бактыгүл Бадыева Түркиянын Аланья шаарынан 3 бөлмөлүү батир алды. Январь айында ырчы үй-бүлөсү менен жаңы өргөөсүндө болду.

Чет өлкөдөн кыймылсыз мүлк алгандардын арасына ырчы Кызсайкал Кабылова да кошулду. Ал апасынын туулган күнүндө ата-энесине Түркиянын Аланья шаарынан батир белек кылды.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова дагы Түркиянын шаарларынан батир карап, бирок шарттары туура келбегендиктен үй алган эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан