Ырчы Нурлан Насип Жер Ортолук Деңиз боюнан турак жай алат. Мындай кабары менен ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү. Учурда Түркия мамлекетинде жүргөн Нурлан мырза жаңы чыгармасына клип тарттырууда.
"Жакшы жаңылыгыбыз менен бөлүшкүм келип турат. Жаңы чыгармама Жер Ортолук Деңиз жээгинен клип тарттыруу үчүн келдик. Клипке түркиялык олигарх жана анын жубайы дагы тартылат.
Мындан тышкары ата-энем, өзүм жай мезгилин деңиз жээгинде өткөрүп, эс алуубуз үчүн Түркиядан үй карайм", - деген ал билдирүүсүндө.
Ырчы турак жай алуу үчүн эл аралык компаниялардын бирине кайрылган.