SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну кайрылган. Анда ал Кеңеш айыл өкмөтүндө жайгашкан Кызыл-Октябрь айылындагы №25 бала бакчанын жетекчиси мыйзамсыз акча чогултуп жатканын билдирген болчу.
Жогорудагы маселе боюнча №25 бала бакчанын жетекчиси Гүлшайыр Сарымсакова окурмандын билдирүүсү боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Балдар бакчасында наристелерди кабыл алуу кезек менен жүргүзүлөт. “Элдик кабар” бөлүмүнө жогорудагы анонимдүү адам айткан маалымат жалган. Бакчада 115 бала тарбияланат жана кезекте 44 бала турат.
Балдар бакчасында ата-энелерден ашыкча акча жыйноого тыюу салынган. Бирок бакчага керектелүүчү буюмдарды ата-энелер өз каалоосу менен камсыз кылып турушат. Ошондуктан сиздер аркылуу жарыяланган маалыматтарды төгүнгө чыгарабыз", - деди Сарымсакова.