Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков жөнүндө жооп бербейт. Бул тууралуу министр маалымат жыйында айтты.
"Мен бүгүнкү күндөн баштап Сабырбек Жумабеков жөнүндө унутайын деп жатам. Бул өттү, кетти. Ал өз иши менен жүрө берсин, мен ага жооп бербейм. Анын деңгээлине түшпөйм, кыргыз эли көрүп турат. Ал 34-40ка жакын кызматкерин чыгарып алыптыр. Мага өлкөдөгү дарыгерлердин бардыгы "биз чыксак 10 миң адам чыгып беребиз" деп жатышат", - деди Бейшеналиев.
Эскерте кетсек, буга чейин Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору жоюлуп, ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Бул аракетти саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сыпаттаган.
Буга Сабырбек Жумабеков жооп берген.