Бишкектин мурдагы вице-мэри "Бишкек суу каналга" директор болду

"Бишкек суу канал" ишканасынын директору болуп Таалайбек Орозов дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, жаңы директорду эмгек жамаатына шаар мэри Айбек Жунушалиев тааныштырды.
Белгилей кетсек, Таалайбек Орозов буга чейин борбор калаанын вице-мэри болуп эмгектенген.
Өмүр баяны:

Таалайбек Орозов 1974-жылы туулган. 1997-жылы Кыргыз техникалык университетинин Машина куруу факультетин бүтүргөн.

Ал көп жылдар бою "Global Industrial Development" ЖЧКсынын башкы директору болгон. Мындан тышкары Транспорт жана коммуникация министрлигинде, өкмөттө, президенттик администрацияда иштеген. "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору, "Кыргызтелекомдун" директорлор кеңешинин төрагасы, Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматты жетектеген.

Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун бир катар Ардак грамоталары менен сыйланган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан