Талас облусунун Манас районундагы 50 үй-бүлөгө тамак-аш азыктары таратып берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Манас районунун башкы имам-хатиби Миржалал Дадабаев райондогу 4 айылда кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү. Иш-чара башкы имам-хатибдин демилгеси менен уюштурулуп, демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынган. Анын алкагында аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 2000 сомдук азык-түлүктөр таратып берилген.