Бишкекте унаа уурдай качкандар кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-февралда Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинен 1995-жылы туулган М.А. аттуу адамдын Honda Stream унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Издөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары 1998-жылы туулган К.А. жана 1987-жылы туулган М.Р. аттуу жарандар кармалган.

Бул иш боюнча Жазык кодексинин 211-беренеси (авто транспорт каражаттарын айдап качуу) менен иш козголгон.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан