Кышкы Олимп оюндарына катыша турган жалгыз кыргыз спортчусу Кытайга барды

Кышкы Олимп оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыга турган жалгыз спортчу Максим Гордеев Кытайга жетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына билдирүү калтырды.

Спортчу Инстаграм баракчасына тесттерге жана өткөрмө бекеттен өтүүгө 5 саат коротконун жазган.

Эскерте кетсек, 28-январда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкө президенти Садыр Жапаровдун атынан спортчу Максим Гордеевди Пекинде өтүүчү кышкы Олимп оюндарына катышуусу менен куттуктап, өлкөнүн туусун тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан