Болот Темировдун укук коргоо органдарынын үстүнөн жазган арызын Бишкек шаардык прокуратурасы карайт

Журналист Болот Темировдун ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үстүнөн жазган арызын Бишкек шаардык прокуратурасы карайт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын катын журналист Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Эскерте кетсек, өткөн айда Темиров командасы менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган. УКМКнын төрагасы жана анын жакындары ал маалыматтарды четке каккан.

Иликтөөдөн көп өтпөй Болот Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров баңги затка байланыштуу айыпталып кармалып, кийин үй камагына чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2022-02-04 13:19:00
Баары жакшы баары таза деп чыгат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан