"Кээ бир беренелер, нормалар логикага туура келбей калууда". Ички иштер министрлиги медиа өкүлдөрү менен мыйзам долбоорун талкуулады

Бүгүн, 4-февраль күнү Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин демилгеси менен "Экстремистик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамынын долбоорун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Ага ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграция каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жетекчилиги, бейөкмөт уюмдарынын мүчөлөрү, эксперттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдо азыркы учурдагы саясий, экономикалык, криминалдык, өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудурган, конституциялык түзүлүштүн негиздерин бузууга чейинки башка кызыкчылыктарды жана максаттарды көздөгөн деструктивдүү жана экстремистик уюмдардын ишмердиги байкалып жатканы айтылды. Мындан улам мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында экстремисттик уюмдардын ишмердигинен келип чыгуучу, анын ичинде эл аралык маанидеги заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү зарылчылыгы каралган. Аны менен катар өлкөдө мыйзамдарга, өзгөчө жазык, жазык процесстик жана жазык аткаруу мыйзамдарына олуттуу өзгөртүүлөр киргизилип, ал аталган мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүү зарылчылыгы пайда болгону маалымдалды.

ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграция каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жетекчилигине эксперттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан суроолор берилип, айрым аталган мыйзамдагы беренелер боюнча ой-пикирлер айтылды. Анда кээ бир беренелер жана нормалар логикага туура келбей, түшүнүнүксүз болуп жаткандыгы айтылып, талдоодо көрсөтүлгөндөй долбоордо алгач "экстремизм" жана "экстремисттик ишмердүүлүк" түшүнүктөрү ар бир адамга түшүнүктүү болуусу, андан кийин гана адам укуктарын чектөөнүн белгилүү механизмдерин аныктоо зарылчылыгы каралды.

Жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү бирдиктүү макулдашылган позицияны иштеп чыгуу жана конкреттүү корутунду даярдоо үчүн жарандык коомдун пикирин угуу маанилүү экендигин билдиришти.

Белгилей кетсек, экстремизмге жана мыйзамсыз миграция каршы аракеттенүү боюнча мыйзам 2005-жылдын 17-августунда кабыл алынгандан бери ага бир нече өзгөртүүлөр киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан