Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна директордун милдетин аткаруучу болуп Гулия Кожокматова дайындалды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында айтты.
Анын айтымында, жакын арада борбор жоюлуп, Тез жардам ооруканасы болуп түзүлөт.
Буга чейин аталган борборду Сабырбек Жумабеков жетектеп келген.