"Легендарлуу парламенттин" депутаты Чоробек Байгазаков 76 жаш курагында каза болду

"Легендарлуу парламенттин" депутаты Чоробек Байгазаков 76 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Чоробек Байгазаков 1946-жылы 5-декабрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылында туулган.

Байгазаков 1964-жылы Финансы-экономикалык техникумду аяктап, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1964-жылы Ат-Башы районундагы Киров атындагы колхоздо башкы бухгалтердин орун басары, башкы бухгалтер болуп иштөө менен баштаган.

1969-жылы Ат-Башы райондук айыл чарба башкармалыгында текшерүү тобун жетектеп, 1971-1974-жылдары Нарын облустук айыл чарба башкармалыгында текшерүү бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

1974-1981-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы совхоздо башкы экономист, 1983-1992-жылдары "Живпром" мамлекеттик мал чарба комплексинде жана Баш-Кайыңды совхозунда башкы экономист, директордун орун басары жана директорлук кызматтарды аркалаган.

1992-1995-жылдары Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким болуп иштеп, 1995-2000-жылдары Ат-Башы токой чарбасынын директору, Ат-Башы райондук кеңешинин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчысы болгон.

Чоробек Байгазаков бир канча жолу айылдык жана райондук кеңештердин депутаты, 1990-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, "Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын мыктысы" төш белгисин алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан