Жумуштан алынган Сабырбек Жумабеков Байсалов менен сүйлөшкөнүн айтты

Сабырбек Жумабеков кызматтан кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровдун чечимин күтөт. Бул тууралуу ал журналисттерге борбордун алдында интервью берип жатып билдирди.

Жумабеков президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

"Садыр Нургожоевич, эртең менен мага Эдил Байсалов чалды. "Мындай болбойт деди. Биз азыр комиссия түзүп, оң-терс жактарын карап, президент келген соң чечимди кабыл алат деди".

Министр экөөбүздү чакырып элдештириңиз, мен макулмун дедим.

Министр өзүнүн буйругу менен тиешелүү мекемелерден уруксаты жок, өз билемдик кылып борборду өзгөртүп, жетекчи кылып башкы дарыгер алып келгени мыйзамсыз. Президент кет деп айтса, өзүм эле кетип калам", - деди Жумабеков.

Ошондой эле ал министрлер кабинетинен төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен телефон аркылуу байланышты.

Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна директордун милдетин аткаруучу болуп Гулия Кожокматова дайындалганын Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында айткан.

Сабырбек Жумабеков: "Садыр Жапаровдун акыркы чечимин күтөм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
JYRT
2022-02-04 15:28:25
Өлмүш болот ко абдан эле креслого жабыштынызго сиз частный клиника деле ачып иштете берсеңиз деле болмок ага эмне эле жабыштыныз ушул жерде да бир деме барбы деп да ойлоп кетет экенсиң
+15
erkegenje
2022-02-04 16:18:32
Ушу бизде Бир жерге олтуруп алса эле турбай койушата бул места ото майлуу сутуу окшойта кеткиси келбейтко
+13
tilek121277
2022-02-04 17:55:23
Туура эле чечим бир адам 10 жылдап отуруп алса
+7
Jolin
2022-02-04 19:23:10
Канча адамдын сообуна калды, канча отурса деле айырмасы кайсы, канча бала бутуна туруп басып жатат. Эртен силерге именно ушул врачтын жардамы керек болгондо кором таппай калгвнынарды!!!
-3
surgeon777
2022-02-04 19:36:44
Канча адамды бутуна бастырды дейсинер,бастырса реклама учун бир-экоон бекер бастырып коёт,калганынан акчаны жонунан шылып алат,адамга ойдодон ылдый караган,салам айтсан алик албаган адам...
+8
nazira...
2022-02-04 20:10:57
Частный ачканга деле акчасы ашып ташып көп. Бирок мамлекеттин акчасын жеп жаман үйрөнгөн неме окшойт бошоткусу келбей жатат. Кеткиси келбесе башка больницага барып бир кабинет алып жөнөкөй врач болуп алса деле клиенттери издеп барышат го. Деги ушу жагына шүгүр деген адам жок окшойт, баары эле чап жабышат атасынан калган жумуштай.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан