2 күндөн бери дайынсыз. Сокулукта 81 жаштагы Насиркан Кудайбергенов изделүүдө

Чүй облусунун Сокулук районунда 81 жаштагы Насиркан Кудайбергенов дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 2-февралда Шалта айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегенин облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашат.

Изделип жаткан Насиркан Кудайбергеновдун белгилери - бою 175-180 сантиметр, көзү кара, чачы ак.

Ал эми үйдөн чыккан күнү башына тумак, бутуна көлөч кийип жүргөн.

Эгерде сүрөттөгү жаранды көргөн, билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнүшөт.

Байланыш номерлери: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86,0709 35 35 29.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан