
Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдө жайгашкан лифттердин техникалык абалы текшерилүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №14 дарегинде көп кабаттуу үйдө жайгашкан лифт текшерилди.
"Бишкек шаардык лифт" ишканасынын кызматкерлери лифттин кабиналары кандай иштей турганын текшеришти. Бул лифттерге 37 жыл толду, абалы канааттандырарлык.