Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арага чектеш айылдарынын аксакалдары жолугушуп, карым-катнашты бекемдөө тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул туурасында Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Согди облусунун Чорку жамаатынын Самонен, Майский кыштагынын аксакалдары эки элдин ортосундагы карым-катнашты бекемдөө, мамилени улантуу максатында чектешкен аймактарда жолугушууларды өткөрүштү.
"Жолугушууларга Баткен РИИБинин жетекчиси Алмазбек Шагамурзаев менен Тажикстандын Исфара-2 РИИБинин башчысы Анвар Рахманзода, Ворух ички иштер бөлүмүнүн начальниги Миролизода Субхан биргеликте коопсуздукту камсыздоо, туруктуулукту сактоо максатында аксакалдардын жолугушууларына катышууда.
Сүйлөшүүдө эки тараптын аксакалдары эзелтеден бери кошуна экендигин, бир арыктан суу ичээрин белгилешип, биримдикте жашоо керектигин билдиришти. Аксакалдар жаштарды да ынтымакка чакырып, карым-катнашты бекемдейбиз деп сөз беришти", - дешет маалымат кызматынан.