Сокулукта сабалган 2 жашар баланын атасы: "Көрдүм, бирок бир нерсе кылуудан корктум"

Бир күн мурда Чүй облусундагы Сокулук аймактык ооруканасына 2 жашар бала оор абалда түшкөн. Анын сабалышы боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тергөө иштерин баштаганын, териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган.

Бүгүн, 4-февралда социалдык тармакка сабалган баланын атасынын билдирүүсү деген видео тарады. Андан баланын атасы жумуш берүүчүсү такай эле баласын жана аялын ур-токмокко алган деп айтканын угууга болот.

"Мен анын балага кылганын көрдүм, бирок бир нерсе кылып, кандайдыр бир чара көрүүдөн корктум. Анткени ал мени, үй-бүлөмдү жана балдарымды коркутуп, аялымды сабап, баламды майып кылып салды. Кечээ "Тез жардам" кызматына кайрылып балама медициналык жардам көрсөтүүсүн сурандык. Анткени баланын жыныс органында маселе болуп жаткан. Милицияны чакырдык. Жубайым иш берүүчүнүн үстүнөн арыз жазды", - дейт ата.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
zam81
2022-02-04 20:40:04
Сабатып кантип карап турат олсон да уйбулонду коргош керекго
+28
Gulina00
2022-02-04 20:44:00
Бул 99эмеспи иш башка жакта тугонуп калыппы,кашык канын калгыча аялынды,баланды коргобойт белен.Урган итти камап колун сындырыш кк.
+23
XATSAN125
2022-02-04 20:50:31
Gulina00,колун сындырбай эле олтуруп салмакмын
+15
XATSAN125
2022-02-04 20:45:31
Кудай сактасын мен болгондо же ал же мен экообуздун бирообуз олуп бирообуз турмого кете турган кылмакмын ушул кунду коргончо олгонум же олтургонум артык деп
+15
XATSAN125
2022-02-04 20:47:24
Бишкекте тем более боевой тапанчалар толтура сатылат 5 ок жетмек меесин чачырата атып салганы
+12
Zynk
2022-02-04 20:49:05
Оз башын менен кетсин тфу тфу бирок кантип чыдап карап тура алат !ал эмес оз энеси сабап атканда карап тура албайсын го!
+8
XATSAN125
2022-02-04 20:54:47
Эркек эмне учун эркек?Уй було биринчи оорунда болуш керек эркек учун кыяямат кайым болсо да.Бул жанагы тиягым бар демек эркекмин деген кокуйлардан окшойт чамамда
+10
Usmanbekali
2022-02-04 22:17:58
Сабатып коюп карап турган,эркеке жарашпайт...айбан да өз баласын жанын сайып коргойт...Иш берүүчүң ошончолук маанилүү адамбы?жэ эмне андан бөлөк жумуш калбай калыптырбы...Ушундан көрө Башын кесип албайт белең ошол эшектин...
+11
nazira...
2022-02-05 13:23:39
Жаш орус бала турбайбы, байкуш. Ким экен өзү иштеткен киши, неге аны көрсөтпөй жатышат. Жер жуткур акмак, апасы менен баласын неге урат, жакпаса кетирип башкасын алып албайбы неге кол көтөрөт. Милицияга акча берип кутулуп кетпесин акмак, пусть жазасын алсын.
+3
ainura220888
2022-02-05 16:25:20
Орус экенда. Ким экен ур токмоко алган. Документерин алып коркутса керекда сволочь!!! Аягына чыккыла карагыла
+4
Jelezo
2022-02-05 18:31:04
Жакшылап көзөмөлгө алып каматыш керек, Жириновский эртең эле кыйкырып чыгат кыргыздар орусту сабап жатат деп.
+4
Belo
2022-02-06 10:48:18
Баланы бекер майып кылыптыр да айбан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан