Кол көтөрүп, сыймыктуу карап... Садыр Жапаровдун Олимпиада оюндарынын ачылыш аземиндеги сүрөттөрү

Президент Садыр Жапаров 4-февралда Кытайдын Пекин шаарында өтүп жаткан XXIV кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты.
Иш-чара "Куш уясы" деп аталган Пекин улуттук стадионунда өткөнүн президенттик администрациядан кабарлашты.
"Аземдин катышуучулары менен меймандарына, анын ичинде чет мамлекеттердин жетекчилерине, чет элдик делегациялардын өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине заманбап технологиялар жана атайын эффекттер колдонулган театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлдү.
Спортчулардын парадына ата-мекендик лыжачы Максим Гордеев катышып, стадиондо Кыргыз мамлекетинин желегин көтөрүп өттү. Аземдин соңунда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин оюндарды ачык деп жарыялады", - дешет маалымат кызматынан.
Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасында иш сапары менен жүрөт жана анын алкагында Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине барды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suban78
2022-02-05 05:09:51
Ак жолтой Президент болдунуз буйруса. Ийгилик сизге урматтуу Президент мырза.
+13
nazira...
2022-02-05 10:50:50
Байтерек жокко, уялган го мунусунда ээ.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан