"Зыяратчылардын акчасын жана убактысын үнөмдөөгө шарт түзөт". Бишкектен алгачкы жолу Сауд Арабиясына каттам аткарылды

6-февралга караган түнү "Эйр Манас" ата мекендик авиакомпаниясы тарабынан Бишкектен Жидда шаарына биринчи чартердик каттам учту. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Маалым болгондой, "Эйр Манас" авиакомпаниясы Кыргыз өлкөсүнүн Сауд Арабия падышачылыгындагы биринчи оператору болуп дайындалып, Бишкек-Жидда-Бишкек багыты боюнча аптасына бир жолу (жекшемби) каттамдарды аткарат. Ал эми февраль айынын аягынан баштап аптасына төрт каттамга чейин көбөйөт.
"Түз аба каттамды ачуу аземине "Манас" эл аралык аэропортунун директору Талгат Нурбаев жана өкүлдөрү, Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Алмаз Турганбаев, Кыргыз мамлекетинин Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов жана Сауд Арабия падышачылыгынын Кыргыз жергесиндеги элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жумабаев катышты.
Бишкек-Жидда түз авиакаттамынын ачылышы эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого, туристтердин санын көбөйтүүгө, ошондой эле зыяратчыларыбыздын акчасын жана убактысын үнөмдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле Сауд Арабиянын башка шаарларынан да каттамдарды ачуу пландалууда", - деп билдирди Улукбек Марипов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nuryk00
2022-02-07 14:23:43
Сонун!!!
+1
Asmat84
2022-02-07 14:47:32
Жакшы жанылык. Негизи Улукбек Марипов жакшы иштерди жасап атат.
+1
topi
2022-02-07 15:14:11
Саид Аль жумабаев болуп алыппы кыргызкул экен да э
0
Datka7777
2022-02-07 16:14:10
topi,орускул
0
jolbors85
2022-02-07 16:37:12
Жакшы жаңылык!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан