Москва аэропортунда Кыргыз жараны жаш баланы өлүмдөн сактап калды

Москвадагы Внуково аэропортунда Кыргыз жараны тамагына оюнчуктун бөлүгү тыгылып калган баланы өлүмдөн сактап калды. Бул тууралуу блогер Фатих Копаран өзүнүн Твиттер баракчасына билдирди.

Ага ылайык, аталган аэропортто жаш баланын тамагына оюнчуктун бөлүкчөсү тыгылып, аны Кыргыз жараны Геймлих маневрин (курсакка басым) аткаруу менен куткарып калган.

"Мен аябай алыста болчумун. Кыйкырык ушунчалык катуу болгондуктан аэропортто террордун кол салуусу болду го деп ойлодум. Баланы апасы ызы-чууга алдырып жулкулдатып жатты. Кыргыз жигит чуркап келип Геймлих маневрин жасап, баланы куткарып калды. Бул менин жашоомдогу тарткан эң сонун сүрөт боло алат.

Мен өмүрүмдө мынчалык корккон эмесмин. Тилдерин түшүнбөгөндүктөн жадакалса ал жерде эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун. Эгер кыргыз жигит болбогондо бала өлүп калмак", - дейт Фатих Копаран.

Ошондой эле ал баланы сактап калган жигитти сүрөткө тарта албай калгандыгын жана окуя болгон жерге кийинчерээк аэропорттун медицина кызматкерлери келишкенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zam81
2022-02-07 15:21:21
Азамат ушундай жанылытар коп болсун жакшы жагынан таанылалык
+20
alinsan
2022-02-07 15:49:23
соссуз билип ата турган нерсе экен Геймлих маневрин (курсакка басым) аткаруу
https://www.super.kg/kabar/news/396537/
+3
Taalaibek.
2022-02-07 16:36:10
Биздин Кыргыздар ар дайым Азамттар.
+11
jolbors85
2022-02-07 16:39:21
"Кыргыз" деген сөз акшы жагынан тааныла берсин!
+13
Perfekt
2022-02-07 16:43:10
Молодец!
+11
Accord3
2022-02-07 17:53:55
Азамат күндүн жакшы жаңылыгы болду
+10
sotkasotovic
2022-02-07 20:53:17
Аэропортто толтура камералар бар, видеодон тапса болотго куткарган адамды
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан