Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети 2022-жылкы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү тууралуу министрлер кабинетинин маалыматын укту.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Алиев жана айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков баяндама жасады.
Белгилүү болгондой, ирригациялык системаларды оңдоого жана башка тиешелүү иш-чараларга 1 миллиард сом, ал эми үрөн сатып алууга 1,5 миллиард сом каралып, тиешелүү келишимдер түзүлгөн. Ошондой эле минералдык жер семирткичтерди сатып алууга 1 миллиард сомго жакын каражат бөлүү пландаштырылып, айдоо аянтын 180 миң гектарга жеткирүү мерчемделүүдө.
Талкуу маалында депутат Султанбай Айжигитов азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планы, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалардын саны боюнча маселе көтөрдү.
Депутат Айбек Алтынбеков дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоо, сугат суунун жетишсиздиги, Кемпир-Абад суу сактагычындагы суунун көлөмү боюнча көйгөйлүү маселелерге токтолду. Ал эми депутат Алишер Козуев республиканын үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын иши тууралуу кеп салса, депутат Нурбек Алимбеков жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүндө дыйкандар үрөнгө, минералдык жер семирткичтерге, айыл чарба техникаларына, күйүүчү-майлоочу майларга жана жеңилдетилген насыяларга муктаж болуп жатканын белгилеп, насыяларды берүүнүн механизмдерине жана шарттарына өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.
Жеңилдетилген насыялар боюнча суроого жооп берип жатып, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев 15 миллиард сом каражат жылдык 6 пайыз менен каралганын маалымдады.