Ош облусунун Кара-Суу районунда 19 жаштагы Нурмухамед кызы Мария дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 26-январда болжол менен саат 07:00 чамасында Асан-Чек айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Буга байланыштуу милиция кызматкерлери дайыны белгисиз болуп жаткан кызды табууга жардам сурайт дешет облустук ички иштер башкармалыгынан.
Нурмухамед кызы Мариянын бою 160-165 сантиметр, орто салмакта, чачы күрөң түстө, кашы-көзү кара, мурду кырдач.
Ошол күнү кийип кеткен кийимдери - башында кызыл түстөгү жоолук, үстүндө кара түстөгү толстовка, кызыл түстөгү жеңи жок жемпир, кара түстөгү юбка, бутунда кышкы бут кийим.
Нурмухамед кызы Марияны көргөндөр же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну милиция кызматкерлери суранат.
Байланыш номерлери: (03232) 5-31-81, (03222) 5-81-28, 0558 82 48 80, 0707 33 43 23.