Бишкекте 1-класстын окуучулары бир аптага каникулга чыгышат

Бишкек шаарында 1-класстын окуучуларын 1 жумага каникулга чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, окуучулардын каникулу 14-февралдан баштап 19-февралга чейин созулат.

"Борбор калаадагы 1-класстын окуучулары жыл сайын бир жумага кошумча каникулга чыгышат. Бул жылы 14-февралдан 19-февралга чейин каникулга чыгарууну пландап жатабыз", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, 1-класстын окуучуларына 3-чейректе бир жумалык кошумча эс алуу салттуу түрдө берилет. Адатта алардын мөөнөтү жергиликтүү билим берүү органдары тарабынан белгиленет.

Ал эми жазгы каникул - 10 күн. 21-марттан 30-мартка чейин уланат. Сабактар 31-март күнү башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан